Кыргызстан Түркмөнстандан 2 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри кызматына талапкерлиги сунушталган Таалайбек Ибраев билдирди.

Түркмөнстандан алына турган электр энергиясы Өзбекстан аркылуу транзит менен өтөт. Буга байланыштуу келишимге 12-14-октябрда Ашхабад шаарында кол коюлат. Ибраев Кыргызстан 2023-жылы Казакстандан 600 кВт саат электр энергиясын импорттой турганын да кошумчалады.

«Ноябрь айында Токтогул ГЭСинин 4-агрегатын ишке беребиз, мындан 60 мегаватт кошулат. 2023-жылдын аягында Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты бүтөт, бул жакта дагы 60 мегаватт кошулат. Үч-Коргон ГЭСи 2026-жылы бүтөт, мында 36 мегаватт кошулат. 2025-жылы Камбар-Ата ГЭС-2 бүтөт. Жалпысынан 150 мегаватт жана Ат-Башы ГЭСинде 4 мегаватт, Бала-Сарууда 25 мегаватт кошулат. Жалпысынан төрт жылда 455 мегаватт же 6,6 млрд. кВт саат электр энергиясын ишеттип чыгышыбыз керек», — деди Ибраев.

Ибраев кошуна өлкөлөргө кошумча суу агызылбай турганын, жайында иштелип чыккан суунун ордуна алар Кыргызстанга электр энергиясын берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш министрлик кызматка сунушталган төрт талапкерлерди дайындоого макулдук берүүнү карап жатат.