Кыргызгидромет билдиргендей, 7-октябрда күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +19…+24
Талас облусунда +17…+22
Баткен облусунда +21…+26
Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26
Ысык-Көл облусунда +14…+19
Нарын облусунда +14…+19.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +22…+24° болот.