Бишкекте Италиядан келген компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, италиялык делегация Барбаджа округунан келген. Делегациянын курамына айыл чарба, суу энергетика жана энергиянын кайра жаралуу булактарынын, андан тышкары, жеңил өнөр жай, мейманкана бизнеси жана туризм жаатындагы компаниялардын өкүлдөрү кирген.

Ишкерлер Кыргызстандан кургатылган жемиштерди, бал азыктарын жана жаңгактарды экспорттоо, андан тышкары туризм жаатында кызматташуу боюнча байланыш түзүү үчүн келишкен.

Бизнес-форумдун алкагында КР Соода-өнөр жай палатасы менен Барбаджа окуругунун айыл чарба фондунун ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

“Документ Италия менен Кыргызстандын ишкерлеринин ортосундагы тыгыз кызматташууга, ошондой эле Кыргызстандын продукциясын Италияга экспорттоону илгерилетүүгө негиз түзөт», — деп белгилейт КР Соода-өнөр жай палатасы.

Фонддун төрагасы Эфисио Арбау кыргызстандык ишкерлердин билим алууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга умтулуусун жогору баалады. Коноктор эчкинин сүтүнөн сыр өндүрүү менен алектенген республиканын ишканалары жана ишкерлери менен тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.