Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев соц. тармактагы баракчасына жазды.

«Учурда Мекенибиздин кыйынчыкма активдүү жазмакелери алардын оюна тетири келген пикир болсо тепкилеп эле жатып калган адатка өтүштү. Ал эми ал пикир туурабы, чынбы, объективдүүбү, купуябы, ж.б., ж.о.с., такыр кызыктырбагандай. Азыр өлкөбүз түркүн сыноолорду башынан өткөрүп жатат, алыскы ааламдык көйгөйлөрдүн кыйыш түрдө таасирин деле айтпай эле коёюн.

Мына кечээ-жакында болгон Баткен окуяларын алалы, ал жерде эмне кана болгон жок. Ал унутулдубу, бүттүбү, канкор кошуна башчы жетимишке чыгып алып жамбаштап жаткан жатабы, эл аралык коомчулуктан баа берилдиби, эл аралык жоопкерчиликке тартылдыбы, ага карата маалыматтык чабуул бүттүбү, алардын байкоочу- чалгындоочу адамдары көз салбай элеби бизге?! Менин оюмча бул суроолор азыр толугу менен ачык жана аларга чекит коюла элек.

“Кемпир – Абад” боюнча. Албетте ал маселе толугу менен улуттук кызыкчылыктын негизинде мамлекеттин пайдасына чечилиш керек деген ойдомун, аны талкуулаштын да кереги жок. Ал маселе боюнча расмий тараптар маалымат берди го, кыргыз тараптын кызыкчылыгында деп, ал эми андай болбосо бат эле билинип калат, ошондуктан мен ойлойм ага убакыт керек. Балким ал жакта эки мамлекеттин ортосунда процедуралар жүрүп жатат.

Баткенден Кемпир-Абадка шашка менен ойногондой эле пикир жаратуучу менин урматтуу санаалаштарым секирип кирип, суу сактагычтын чырмалышкан юридикалык маселелеринде билип-билбей чөгүп жатышып, акыры жалгыз Дайырбек Орунбековдун персонасына коомчулуктун көңүлүн бурушту. Эмне дейбиз эми, ал болгону өз милдетин так аткарып жатат, ар бир адам ошол позицияда болгондо так ошондой эле ишти аткарса керек. “Чыбык кармаганга ит өч, чындыкты айтканга акмак өч” демекчи, ал бирөөгө жакпайт, бирөөгө жагат, бирок контраргумент айтса эле “демонизировать” этиштин эмне кереги бар?!

Андан көрө чукушпай чынында реалдуу чакырыктарга кам көрөлү туугандар», — деп жазат.