Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кошумча имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн спорт залы, спорт аячнтчасы жана башка тийиштүү имараттары каралган 500 орундуу үч кабаттуу мектептин имаратын ачып жатабыз. Курулуш иштери быйыл 30-апрелде башталган. Объекттин курулушуна – 347 млн сом, ал эми техникалык жабдуусуна 13,2 млн сом жумшалган. Мен балдарды, ата-энелерди жана мугалимдерди бул кубанычтуу окуя менен куттуктайм. Ошондой эле мугалимдерди өтүп кеткен кесптик майрамы менен куттуктайм», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, 2005-жылы борбордо 1,1 миллиондон ашык адам жашаса, ал эми 2016-жылы Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, шаардын өзүндө эле 1 млн адам жашаган. Эң курч көйгөйлөрдүн бири мектептердин жетишсиздиги жана жүктөмдөрдүн оордугу болгон, буга байланыштуу президент министрлер кабинетинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын астына бул маселени чечүү тапшырмасын койгон.

«Жаңы конуштарга 5 жаңы мектеп салынды, калган мектептерде жаңы мектептерден кем калышпаган кошумча имараттар курулду. Бизде №75 жана №76 – эки авариялык мектеп болгон, учурда мында жаңы мектептер иштеп жатат. 1950-1959-жылдары Фрунзе шаарында 11 мектеп курулган, ал индустриялаштыруу мезгили болчу, бул мезгилдерди Исхак Раззаков менен байланыштырганбыз. Ал эми 1960-1969-жылдары 31 мектеп курулган, бул Турдакун Усубалиевдин учуру. 2022-жылы 5 айдын ичинде Бишкекке 15 мектеп, 1 бала бакча курдук. Менин оюмча, качандыр бир кезде биздин балдар бул учурду Садыр Жапаров менен байланыштырышат.

Бишкекке бир дагы мектеп курулбай калган учурлар болгону эсибизде, мисалы 2011, 2013, 2014, 2016, 2019 жана 2020-жылдар. Демократиялык жарылуунун туу чокусу, эң чоң ички миграция жүрүп, бир дагы мектеп курулган эмес. Жаңы конуштарга дагы 7 мектепти куруубуз керек, алар жакынкы жылдары курулат. 5 айдын ичинде бизге жаңы мектептерди куруп берген куруучуларга ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле шайлоо алдында добуш алгысы келген жеке адамдар айрым жерлерге мектеп курууну өз кызыкчылыгы үчүн колдоно турган көрүнүштөр кайталанбай турганын баса белгиледи.

«Мектептердин жайгашуу ордун Билим берүү жана илим министрлиги аныктайт. Балдарыбыздын 4 тилден ашык тил билүүсү, анын ичинде мамлекеттик, расмий, англис, кытай жана программалоо тилин жакшы билиши жана атаандаштыкка жөндөмдүү муундун өсүп чыгуусу үчүн мугалимдерден сапаттуу билим берүүнү суранабыз. Биз 7 миллионунчу жарандын төрөлүшүн күтүп жатабыз. Ошондуктан жыл сайын балдардын билим алуусуна жакшы шарттарды түзүү үчүн жаңы мектептерди куруу зарыл. Балдарды жаркын келечек күтүп турат. Алар өнүккөн өлкөдө жашашат», — деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Маалымат үчүн: Жаңы үч кабаттуу комплексте 20 окуу классы каралган. Имарат 500 окуучуга ылайыкталган.

Имараттын биринчи кабатында башталгыч класстар, хореографиялык зал, 285 чарчы метр болгон спорт зал жана ашкана бар. Экинчи кабатта: башталгыч класстар, 110 орундуу 277 чарчы метр аянттуу жыйындар залы бар. Үчүнчү кабатта предметтик кабинеттер жана лабораториялар жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 5035 кв.метр. Мектептин аймагында футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, чуркоо үчүн аянтча жана воркаут аянтчасы курулган.