Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунааларын мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштерин тергөө учурунда, К.А. уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынды.

«Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Фото пресс-центра ГКНБ. Изъятая автомашина

Фото пресс-центра ГКНБ. Изъятая автомашина

 

Фото пресс-центра ГКНБ. Изъятая автомашина