Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков министр кызматын аркалаганына туура 20 ай болду. Аталган аралыкта министрлик кандай жетишкендиктерге жетишип, кандай ийгиликтерди жарата алды баамдап көрөлү:

  • Эң биринчи кезекте агрөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн айыл чарбасына түздөн-түз байланышы бар 16 башкармалыкты бирикти. Бүгүнкү күндө алар жигердүү иш алып барууда.
  • 19, 100 тонна үрөн чет жактан алынып келинип дыйкандарга бөлүштүрүлүп берилди.
  • 2022 – жылга суу чарбасына бюджеттен 1 млрд 100 млн сом бөлүнүп, ага 1000 км ашык чарба аралык каналдар тазаланып оңдолду, 1115 гидротехникалык курулмалар, посттор жасалып, 105 насостук станция, 14 БСР жана БДР, суу сактагычтарында тазалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, 277 км коллектордук-дренаждык тармак оңдолду.
  • 2022- 2.5 млрд сомго жылы айыл чарба техникасы лизингге берилди.
  • 1180 гектар жерге 1 млн 400 миңден ашык көчөттөр отургузулду.
  • 2022 – жылы балык чарбасы 11 миң 83 тонна балык өндүрүп, 8 айдын ичинде 2100 тонна экспорттолду.
  • Быйылкы айыл чарба өндүрүшүнүн өсүү көрсөткүчү 109% түздү.