Эртең, 9-октябрда Бишкекте “Ак илбирсти сактайлы” эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чарага байланыштуу саат 6:00дөн баштап марафондун катышуучулары чуркай турган көчөлөр тосулат.
Убактылуу жабыла турган көчөлөр:
— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
— Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
— Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду өтүнөт.