Саясий серепчи, талдоочу Тимур Саралаев соц.тармактагы баракчасына билдирүү жазып, азыр чек ара маселесинде барыбыз эле эксперт болуп, акыл үйрөтө бербей мамлекеттин позициясын ынтымак менен колдоп берели деген пикирин билдирди.

«Чек-ара чырынын жыйынтыктарын көрдүк. Өзбекстан менен талаш аймактар тактала электе канча жолу ок атышуу, кагылыш жаңжалдар болду? Окуя болгон сайын адам өмүрү кыйылып, жаракат алган учурларды билебиз.

Эми, Өзбекстан менен чек-ара маселесине чекит коюлуп, такталып жаткан кезде, бурмалап, сүйлөшүүгө тоскоолдук жараткандар дагы болууда. Президент Өзгөндөгү эл менен жолугушуу өткөргөндө катышкандардан, маселени оң жагына чечип алганга чейин түшүнүп, мамлекеттин позициясын колдоп берүүлөрүн өтүнгөн.

Иш-чарага негизинен каршы болуп жаткан тарап чакырылды. Кыргызстан элинен жашыра турган эч нерсе жок экенин, толук чечилмейинче коомчулукка ачык чыгарбай туралы деген максат дагы түшүндүрүлдү. Себеби, 99% Кыргыз мамлекетине пайдалуу чечилип жатат. Биз сыяктуу Өзбекстанда дагы эли бар, алар дагы нааразы болушат. Аларда толкундоолор жаралбасын деген, эли нааразы болуп, эки өлкө ортосундагы көп келишимдер бузулуп кетпесин деп чочулап жатты.

Болбосо, негизги каршы болуп жаткан өзгөндүктөргө берген маалыматты бүткүл элге айткандан коркмок беле?!

Муну чек-арага күйүмүш болуп, бирок саясатка айлантып жаткандар алынын жетишинче бурмалаганга өтүштү. Бүгүн, президент Садыр Жапаров дагы маек берип, Жогорку Кеңешке маселени ачык алып чыгуусун тапшырма бергенин айтты.

Эртең бүткүл эл кабардар болот. Бирок, Өзбекстан ушундан кийин «кайра башынан карайлы» деп айнып кетпесе экен деп кабатыр болуп жатам.

Азыр тажиктер менен чечилбей чийелешип келген талаш-тартыш үчүн согушуп жатабыз. Мурдагы президенттер бул маселеге баштарын ооруткусу келген эмес. Эптеп өз мөөнөттөрүн өткөрүп, чек-ара маселесин кийинкилерге калтырып келе беришкен.

Садыр Жапаровдун айырмасы, оор жоопкерчиликти мойнуна алып, талаш маселеге чекит коем деп киришти. Мекендин баасы- адам өмүрүнөн кымбат экен, мекен үчүн өмүрлөр дагы кыйылды. Бир жагынан тажиктер аңдып турганда, Өзбекстан менен чек арага чекит койбосок болбойт.

Бул жолу тажиктер Баткенди басып алып, андан кийин өздөрүнүн талаптарын коелу деп камданып киришти. Акыркы бир жыл ичиндеги аскердик даярдык болбогондо Баткенди алдырып коймокпуз.

Бийлик жаман деп сындагандар ойлонушу керек. Мурда биздин аскердик даярдыгыбыз кандай эле? Көбүнчө Россиянын эски техникалары келчү. Эгер ошол даярдык менен тажиктерди тосуп чыксак, азыр кайым айтышып отурбайт элек. Тажик агрессиясы Баткенди басып, балким түштүк аймакты ээлеп алмак беле, Кудай билет? Азыр, эл аралык коомчулук, укуктар деген нерсе таасирин жоготту. Ким күчтү, ошонуку туура болуп калды. Ачык айтыш керек, «Байрактарды» сатып албаганда эгемендигибизге доо кетмек.

Ушул жерден эске салып койгум келет, «Байрактарды» сатып алганда дагы азыркы сынчылар «эмнеге сатып алат, акча коротуп» деп чыгышкан.

Ошондуктан, азыр чек ара маселесинде барыбыз эле эксперт болуп, акыл үйрөтө бербей мамлекеттин позициясын ынтымак менен колдоп берели»,- деген ал.