Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити күтүлүүдө. Бул тууралуу  маалымат жыйынында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, бул күндөрү жол жана коомдук коопсуздукту камсыздоого милициянын 4 миңден ашык кызматкери тартылат.

«11-12-октябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежесин жана жолдо жүрүү эрежелерин, ошондой эле айдоочулук маданияттуулукту сактаңыз. Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды «Манас» аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз», — дейт ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчиси Манас Сыдыгалиев кортеждер өтүүдө гана унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилерин белгилейт.

«Ал эми жол боюнча кароосуз калган унаалар эвакуацияланат», — деди Сыдыгалиев.

11-12-октябрда төмөнкү жолдор убактылуу жабылат:

— «Манас» аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
— Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
— Мамлекеттик резиденциядан Байтик Баатыр көчөсү менен А.Токомбаев көчөсүнө чейин;
— Ч.Айтматов проспектисинен Ахунбаева көчөсү менен Достоевский көчөсүнө чейин;
— Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;
— Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен «Ала-Арча» жаратылыш паркына чейин.