Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун карады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Андан тышкары жыйынга Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, делимитациялоо чөйрөсүндөгү адистер, бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Ташиев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү участокторду Кыргызстанга калтырып жазуу боюнча макулдашылды: Гавасай 12 849 га, Көк-Серек 105 га, Баястан 212 га, Унгар-Тоо 35 га, Кара-Белес 25 га, Ак-Таш 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19,5 га. Өзбекстан 1000 гектар жерди Ош облусунун Өзгөн районуна (500 га) жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна (500 га) берет. Ратификациялангандан кийин Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейет.

Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында каларын билдирди.

“Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 4485 гектар жер Өзбекстандын карамагында каларын маалымдады. Муну менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргызстандын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо талабы камтылды. Суу башкарууну эки мамлекеттин өкүлдөрү, кыргыз тараптан 4, өзбек тараптан 4 адам жүргүзөт”, — деди ал.