Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу басып киришинин натыйжасында документтери жоголгон 450дөн ашык жарандын документтери  калыбына келтирилди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

«Баткен районунун тургундарынын аймактардагы калкты тейлөө борборлоруна расмий кайрылуусунан кийин документтер калыбына келтирилди. Мобилдик топтор документтерди калыбына келтирүү жол-жобосу боюнча консультацияларды беришти», — деди ал.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. 206 адам жабыркап, 63 адам каза болду Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.