Коомдогу болуп жаткан окуяларды адатта сыналгы жана радио гезиттерден окуп маалымат алып келгенбиз. 1895-жылы 7-майда Орус инженери Александр Попов алыстан байланыш үчүн өзү жараткан аппаратты көрсөткөн. Бул ойлоп табуу илим менен техниканын тарыхындагы эң чоң ойлоп табуулардын бири болуп калды. Ал акыркы маалыматтык коомдун жарчысы болуп, биринчи жолу жаңылыктарды супер тез жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Тилекке каршы бүгүнкү күндө дал ушул Поповдун эмгегин тескери өңүттө колдонулуп, «маалыматтык согушта» өтө керектүү курал катары пайдаланылып калды.

Мисалга алсак, коомчулукту теңирден тескери малымттар менен суугарып, өз өлкөсү, өз элине каршы кое алган Американын «Азаттык» деген радиосу бар.

Аталган радио, толугу менен АКШ Конгресси тарабынан каржыланат. Негизги максат — постсоветтик мейкиндикте демократиялык баалуулуктарды жайылтуу: Украина, Эстония, Кыргызстан, Тажикстан ж.б. 26 тилде иштейт, расмий маалыматтар боюнча гана 23 мамлекетти камтыйт. Штаб-квартирасы Вашингтондо жайгашкан, ал эми негизги программалык камсыздоо борбору Прагада (мурда Германияда жайгашкан).

Чындыгында “Азаттык” радиосунун  негизги максаты, «кансыз согуш» маалында чалгындоо кызматтарын кеңири жүргүзүүгө багытталган.

Бул түпкү максатты азыр 21-кылымда да «Азаттык» кынтыксыз аткарып, эл ичине ажырым салып келүүдө.

Алыс кетпей, жакынкы жылдары, жада калса акыркы 2 айда өлкөбүздө болгон окуяларды аталган радио кандай чагылтканына баарыбаз күбө болдук. Мунун бирден-бир себеби  «Азаттык» АКШ тарабынан каржыланып, АКШнын ырын ырдаганында.

Бул булактардагы маалыматтар такталбаган булактардан алынган ар кандай фактылар, «элдин ою», «элдин пикири»  дегенге жамынган маалымат жана жөн гана бийликке нааразы болгон эксперттердин пикирин чагылдырат.

2022-жылдын 4-мартында Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын 2022-жылдын 24-февралындагы токтомунун негизинде Россияда «Азаттык» радиосунун сайтына кирүү чектелген, чектөөгө «Радиостанциялар жөнүндө» мыйзамынын 15.3-беренесинин бузулушу себеп болгон.

Ушул сыяктуу эле Кыргызстан деле сентябрда Тажикстандын бастырып кирүүсүн туура эмес чагылдырган «Азаттыктын» өлкөдөгү ишин токтотуп, чагымчылдык кылганы үчүн өлкөдөн чыгарып салууга толук укугу бар.