Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү үч чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине 29,2 млн сом кошумча нарк салыгын төлөштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салыкты Яндекс Go (Россия), Vaskiani Ventures limited (Кипр) жана Xsolla (США) компаниялары төлөштү.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Кыргызстанда электрондук формада кызмат көрсөтүүчү 15 чет өлкөлүк компания Салык кызматынын vat.salyk.kg сервисинен КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өтүштү. Анын ичинде Нидерландияда катталган 4 компания, АКШ, Улуу Британия, Россиядан экиден жана Ирландия, Бириккен Араб Эмираттары, Армения, Казакстан, Кипрден бирден компания бар.

Азыркы учурда сервистин тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Google салыгы” – жеткирүү орду КР аймагы деп таанылган, Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.