Бүгүн, 12-октябрда, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

КР президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземдин жүрүшүндө президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты.

Окуу жайдын аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзүп, 550 окуучулук орунга ылайыкталган. Мектепте класстардан тышкары чоң жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, китепкана, мектептен тышкаркы иштер үчүн кабинеттер жана медициналык бөлүм, гимнастика аянтчалары, эс алуу зоналары жана аймагында унаа токтотуучу жайлар каралган.