Бүгүн, 13-октябрда күндүз Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 21…26, Таласта 17…22, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15…20 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз абанын табы 21…26 градуска чейин жылыйт.

​Бишкекте күн ачык болуп, күндүз 24…26 градуска чейин көтөрүлөт.