Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан карызын төлөөгө 24 миллиард 706,9 миллион сом жумшады. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.

Тагыраак айтканда, республикалык бюджеттен тышкы карыздан кутулууга 16 миллиард 292,8 миллион сом (былтыр 15,2 миллиард сом) чегерилген. Ал эми ички карызды төлөөгө 8 миллиард 414,1 миллион сом (былтыр 14,3 миллиард сом) бөлүнгөн.

Учурда өлкөнүн мамлекеттик карызынын жалпы суммасы 5 миллиард 219,62 сомду түзөт.