Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат . Бул тууралуу  маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондуктан тыюу салуу пландалууда.

“Бүгүнкү күндө Кара-Кеченин көмүрүн каптарга салып, 20 тонналык фуралар менен чет жакка чыгып жатат. Алсак, ушул жылдын январь-сентябрында 178 миң 264 тонна көмүр экспортко кеткен. Бирок өлкөдө көмүр таңкыстыгы жок. Ата мекендик жана импорттук көмүрдү жеткирүү өз убагында аткарылууда”, — деди ал.