Коомдук ишкерлер, ректорлор жана маданият өкүлдөру “Азаттык” үналгысы боюнча Президентке кайрылуу жолдошту. Алардын кайрылуусунда, азыркы тапта “Азаттыктын” башкы максаттарынын бири — Россияга карата угуучу-көрөрмандын жек көрүү сезимдерин ойготуу болууда. Бул — Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келген көрүнүш деп айтылат.

                                                                Кыргыз Республикасынын

                                                               Президенти С.Н.Жапаровго

                                 АЧЫК КАЙРЫЛУУ

                 Урматтуу Садыр Нургожоевич!

 Биз, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган, өмүр жолубузда мамлекетибиздин түптөлүшүнө өз салымыбызды кошуп келген жарандар, акыркы кезде өтө курч болуп жаткан маселе боюнча сизге кайрылуубузга туура келди.

Кыргызстаныбыздын башына учурда дагы бир топ оор сыноолор түштү. Эгемендүүлүктүн 30 жылында үйүлүп калган маселелерди чечүү вазийпасы мына бүгүн сиздин президенттигиңиздин тушуна туура келип жатат. Алардын эң орчундуулары: сырткы карыздарды төлөө, кошуна мамлекеттер менен чек ара көйгөйүн чечүү, өлкө ичиндеги социалдык-экономикалык багыттагы оор маселелер.

Ачыгын айтканда, биздин алдыбызда азыр эң башкы максат – бул Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактап калуу болууда. Сырткы күчтөрдүн айдактамасы менен төңкөрүштөр болуп келди, бирок андан кыргыз эли жыргап кеткен жок. Мына, азыр да ошол эле сырттан каржыланып жаткан бейөкмөт уюмдар, массалык маалымат каражаттары, жеке саясатчылар ички ынтымакты ыдыратуу менен алек болушууда. Алар кандай маселе болбосун уюша калышып, тополоң салууга каныгып калышты. Мына ушулардын маалыматтык рупору катары бүгүнкү күндө “Азаттык” үналгысы, “Кактус-медиа”, “Клооп” медиа-каражаттары кызмат кылып жатышат.

Аталган маалымат каражаттары жалпы коомчулуктун, мекенчил жарандарыбыздын кыжырына тийип, тескери маалымат таркатуу менен алек болушууда. Элдин чыдамы түгөндү.

 Биринчиден, “Азаттык” үналгысы коомдук-саясий кырдалды курчутууда чоң роль ойнойт. Кандай болгон күндө да биз кыргыз элинин кызыкчылыктарын көздөшүбүз керек, а бул радионун бир жакшы маанайда жаңылык чыгарышканын көрбөдүк. Бизде ызы-чуу, тополоң болуп турушун каалашат, анткени, демөөрчүлөрдүн буйрутмасы ошондой.

“Азаттык” мунусу аз келгенсип, жакындан бери Ош шаарына филиалын ачууга ниеттенүүдө. Бул фактыга жергиликтүү эл каршы. Анткени, аталган үналгы – 2010-жылдагы Ош коогалаңын теңирден тескери чагылдырган.

Азыркы тапта “Азаттыктын” башкы максаттарынын бири — Россияга карата угуучу-көрөрмандын жек көрүү сезимдерин ойготуу болууда. Бул — Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келген көрүнүш.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды дагы объективдүү чагылдырышкан жок. Бул чырды чагылдырууда басым негизинен кыргыз тарапты каралоого жасалды. 

Экинчиден, “Кактус-медиа” боюнча. Бул маалымат каражаты дагы чет өлкөнүн гранты менен иштеп келе жатат. Провокациялык мазмундагы материалдарга басым жасашат. Текшерилбеген материалдарды сенсациялык аталыштар менен чыгарып, элдин бүйүрүн кызытышат. Чек ара жаңжалында Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүү аракети байкалып, жүздөгөн адамдар офисине чейин барып, материалдарды өчүрткөн. Ошого карабастан, чагымчыл, коомдук туруктуулукту бузуу маанайында иштерин улантып келет.

Үчүнчүдөн, “Клооп-медиа” тууралуу. Чет жактан каржыланган бул мекеменин башкы максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жокко чыгаруу, басынтуу, намысыбызды тебелөө экени көрүнүп турат. Бул ресурс ЛБГТ-коомчулуктун, феминисттик кыймылдардын маалыматтык рупору болуп эсептелет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

 Биз өйдө жакта аталган маалымат каражаттарынын кыргыз элине жасап келе жаткан чыккынчылыгы жөнүндө элге белгилүү гана фактыларын жаздык. А чынында, ишмердүүлүгүн иликтөөгө алууга тапшырма берсеңиз – өтө коркунучтуу фактылар чыгат. Бул – Кыргыз мамлекеттүүлүгүн талкалоого багытталган иш! Мисалы, эмнеге “Азаттык” үналгысына окшогон медиа-каражаттары анын демөөрчү өлкөсүндө иш алып барбайт? Себеби, өздөрүнө мындай чоң көйгөйдүн кереги жок. Алар жеке гегемониялык арам максаттарын ишке ашыруу үчүн да “Азаттык” сыяктуу медиа-уюмдардан миллиондорду аянбай, каржылап келишет. Булардын максаты – Кыргызстан ар дайым ою бузук державалардын алдында тизелеп турушу керек. Бирок, буларга мындай укукту ким берди? Кыргыз эли эч качан берген эмес! Ошондуктан, урматтуу Садыр Нургожоевич, “Азаттык”, “Кактус-медиа”, “Клооп” сыяктуу медиа-каражаттарына эшикти жабууга учур келди. Бул коомчулуктун талабы! Биздин кайрылуубузга тийешелүү чечим кабыл аларынызга ишенебиз! Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү, элибиздин ынтымагы баарынан бийик!

Тогусаков Осмон, КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик;

Нифадьев Владимир, Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору, академик;

Турсункулов Асан, КР Эл сүрөтчүсү;

Осмоналиев Каныбек, Олимпиада чемпиону;

Урманаев Султан, ЖК экс-депутаты;

Шевченко Анастасия, Улуу Жеңиштин “Волонтерлор” кыймылы;

Токтакунова Самара, СССР Эл артисти;

Шарипова Салима, жазуучу, Ош облусу;

Абдраева Айгүл, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору;

Жалгасынова Дарика, КР Эл артисти;

Исмаилов Эсен, КР Эл артисти, дунган диаспорасынын ардактуу президенти;

Бардаков Сергей, Ч.Айтматов атындагы орус драмтеатрынын директору, маданияттын отличниги;

Кожобергенова Зоя, “Ардактуу инсандар” коомдук уюмунун төрайымы;

Табалдиева Нуржамал, КР Эл артисти;

Рыскулов Асанбек, КР Эл артисти;

Сейдракманов Назаркул, КР Эл артисти;

Кетова Галина, КР Эл артисти;

Өзүбеков Асылбек, КР Эл артисти;

Дүйшеев Төлалы, КР транспортуна эмгек сиңирген кызматкери;

Нурматов Али, коомдук ишмер, Ош облусу;

Тентимишов Болот, КР Эмгек сиңирген артисти;

Жанузаков Болот, генерал;

Сатыбаев Аманбай, “Элим үчүн, элим менен” коомдук уюмунун төрагасы;

Мураталиев Байымбет, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери;

Кайып Шери, коомдук ишмер, Жалал-Абад областы;

Жумабаев Калил, экономика илиминин доктору;

Устимов Сергей, Ысык-Көл мекендештер бирикмесинин башчысы;

Аскаров Сапарали, коомдук ишмер, Ош облусу;

Кадыркулов Качкынбай, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери;

Кочкоров Нышанбек, тележурналист;

Ладожская Надежда, “Русский мир” коомдук бирикмесинин төрайымы;

Молдобаева Инабат, жарандык активист;

Сооронбаев Токтогул, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери;

Колубаев Төрөбай, коомдук ишмер, Талас облусу;

Кенекеева Акылай, жарандык активист;

Фролова Ольга, КР Россиялык мекендештер координациялык кеңешинин төрайымы;

Мамбетов Турдубек, КР эмгек сиңирген курулушчусу;

Медетбеков Шамшыбек, ЖК экс-депутаты;

Степанюк Александр, “Гармония” орус-кыргыз борбору” коомдук бирикмесинин төрагасы;

Узакбаев Эмилбек, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери;

Ураимова Гулшаир, жарандык активист;

Исаков Эсенгул, ЖК экс-депутаты;

Кадыров Бахтияр, ЖК экс-депутаты;

Бакиров Касымбек, коомдук ишмер, Чүй облусу;

Молдобаев Нарынбек, ЖК экс-депутаты;

Талгарбеков Бекболот, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери;

Исакова Тургунбү, жарандык активист;

Максуталиев Жусупбек, коомдук ишмер, Жалал-Абад облусу;

Сабиров Равшанбек, ЖК экс-депутаты;

Кыштообаева Гүлмира, жарандык активист;

Эркебаев Шүкүрбек, коомдук ишмер, Ош облусу;

Исанова Дамира, коомдук ишмер;

Молдокеримова Берида, жарандык активист;

Мейманкулов Кумарбек, коомдук ишмер, Жалал-Абад облусу;

Алимжанова Эльмира, КР Россиялык мекендештер координациялык кеңешинин мүчөсү, “Идель” коомдук уюмунун жетекчиси;

Алымкулова Наргиза, жарандык активист;

Иванов Иван, “Народный собор” коомдук бирикмесинин төрагасы;

Шаршеналиева Чолпонай, жарандык активист;

Джуматаева Рита, коомдук ишмер;

Садыкова Анаркан, коомдук активист;

Муриватов Кодир, “Ала-Тоо жарчысы” газетасынын башкы редактору, СССР журналисттер союзунун мүчөсү;

Абдурасулов Акмал, жеке ишкер;

Наметбекова Гюльназ, эмгек ветераны, пенсионер;

Джампеисова Нуржамал, КР эмгек сиңирген дарыгери;

Доолоталиева Бермет, студентка;

Сеидов Рамазан, “Мидия” коомдук бирикмесинин жетекчиси;

Касымов Аскар, КР Өзбектер коомдук бирикмесинин төрагасы№

Мамутов А.Р., КР Дунгандар диаспорасынын башчысы;

Аманова Жылдызкан, коомдук ишмер;

Баргибаева Жыпаргүл, “Ала-Тоо айымдары” коомдук-экологиялык кыймылынын төрайымы;

Орлов Геннадий, “Чыгыш-Батыш стратегиясы” аналитикалык борборунун башкы директору;

Өмуракунов Мамбетимин, жарандык активист;