Астанада (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынында 2023-жылы уюмга төрагалык кылуу маселеси каралды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, делегациялардын башчылары төрагалыкты Кыргызстанга, ал эми тең төрагалыкты Россияга жана Казакстанга өткөрүп берүү чечимине келишти.

Кыргызстандын сунушу менен КМШ МБК кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.