«Борбордук Азия өлкөлөрү жана Россия менен мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, экономикасына, тилдик жана руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген артыкчылыктуу багыт болуп саналат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Россия — Борбордук Азия» саммитинде.

Сөзүнүн башында Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путинге Саммитти алты тараптуу форматта өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасы соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетика, айыл чарба, миграция, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун негизги багыттарын комплекстүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен күч-аракетте Борбордук Азия — Россия форматындагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар», — деди ал.

Президент саясий диалогду колдоп, актуалдуу маселелерди чечүүнүн эки тарапка алгылыктуу жолдорун таап, эл аралык жана регионалдык уюмдарда кызыкчылыктарды биргелешип илгерилетүү зарылдыгын белгиледи.

Президент эл аралык жана регионалдык деңгээлде актуалдуу бойдон калып жаткан афган маселесине да токтолду.

Садыр Жапаров Афганстан социалдык-экономикалык жана гуманитардык терең кризиске кабылганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында өткөн ачуу тажрыйбанын кайталануусуна жол бербөө жана ал өлкөдөгү көп жылдык кандуу согуштук кагылыштарды токтотуу милдети турат.

Кыргызстан Афганстанга салттуу достук мамиледеги өлкө катары ички иштерге кийлигишпөө принцибин карманып, стабилдүү жана гүлдөгөн Афганстанды көрүүгө кызыкдар. Биз бул өлкөдө тынчтык орнотуу үчүн ар дайым аракет кылып келгенбиз жана аны уланта беребиз.

Бүгүнкү күндө эл аралык коомчулук үчүн Афганстандын экономикасын жандандыруу жана чыңдоо, анын регионаралык экономикалык процесстерге катышуусуна көмөктөшүү, CASA-1000 (CASA-1000), ТАПИ сыяктуу социалдык маанилүү инфраструктуралык жана аймактык энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү, ошондой эле регионалдык транспорт коридорлорун андан ары өнүктүрүү маанилүү», — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысынын Афганстан боюнча атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Афганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын (МООНСА) башчысы болуп дайындалган Роза Отунбаеваны колдоого чакырды.

Президент Садыр Жапаров анын БУУнун жогорку кызматына дайындалышы Афганстанда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүү процессине пайдалуу таасирин тийгизет деген ишенимин билдирди.