«Кыргыз Республикасы жетиштүү суу-энергетикалык ресурстарга ээ. Алардын запастары боюнча Борбордук Азия чөлкөмүндө лидерлердин бири», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Россия — Борбордук Азия» саммитинде.

Мамлекет башчысы климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн шартында Кыргызстан бир эле учурда ресурсту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү менен энергиянын кайра жаралуучу булактарына, биринчи кезекте гидроэнергетикага этап-этабы менен өтүүнү көздөп жатканын белгиледи.»Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык потенциалы болжол менен 150 миллиард кВт саат деп бааланган, бирок бүгүнкү күндө биз өзүбүздүн потенциалыбыздын 10%дан азын пайдаланып жатабыз. Буга байланыштуу кыргыз тарап энергетика тармагына түз инвестицияларды тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар. Ушул жылдын июнунда Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун баштоого старт бердим.

Бүгүнкү күндө Казакстан менен Өзбекстан бул ГЭСтин курулушуна катышууга кызыкдар экенин ырасташты«, — деп белгилеген Садыр Жапаров бул долбоорду ишке ашыруу энергетикалык коопсуздукту бекемдеп, региондогу суу ресурстарын оптималдаштырууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров бардык башка инвесторлорду да гидроэнергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырды. Ал чакан жана орто ГЭСтер бүтүндөй региондун суу-энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда абдан маанилүү роль ойноорун белгиледи.