Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Борбордук Азия — Россия» Саммитине катышты.

Саммиттин ишине Россиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Алты тараптуу форматта мамлекет башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Саммиттин жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.