Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын июнь айында Чүй облусунун Жайыл, Панфилов, Москва райондорунун деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан аймагына 31 камера капкан орнотулган.

Камералар “Илбирс” КФсу тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте ак илбирстин популяциясына жана жем түрлөрүнө мониторинг жүргүзүү үчүн ЮНЕП программасынын “Жоголуп бараткан байлыктар” долбоорунун алкагында орнотулган.

Объективдерге илбирс, сүлөөсүн, эчки, таш суур, аркар, бүркүт, кар, суур жана башка жапайы жаныбарлар кирген.