Элмира Ажыканова  —  1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. 1991-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1993-жылдан тартып Коомдук телерадио корпорациясынын Кыргыз Радиосунда эмгектенет. КТРдин отличниги. Махмуд Кашгари атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты. Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасы менен сыйланган. “Көгүш гүлдөр”, “Жан маанай” аттуу  ырлар жана аңгемелер жыйнагынын автору.

 -Элмира эже, сиздин жаштыгыңыз, өмүрүңүз радио менен эриш-аркак келе жатат. Радиодо кыргыздын каймактары болгон мыкты адамдардын бейнесин ачып келе жатасыз. Адамдын жан дүйнөсүн ачуу үчүн  кандай даярдыктарды көрөсүз? Же тажырыйбага таянып изденбей, даярданбай эфир жасаган учурларыңыз да болобу?

-Ар бир уктуруунун жоопкерчилиги бар. Анын үстүнө азыркы угармандар өтө кыйкымчыл. Чала бышкан уктуруу менен аларды алдай албайсың. Ооба, мен чыгармачыл адамдар менен иштешем. Алардын ички дүйнөсүнө кирип, аярлап сүйлөшүп, тамырын аста тартып (ыйыгына тийип албай),  ички сырларын чубап чыгуу – журналисттен чоң чеберчиликти талап кылат, өзгөчө түз эфирде.  Маектешиңдин ким экенин, жараткан эмгектерин, өзгөчөлүктөрүн билбей туруп аны менен сүйлөшүү кыйын.  Маектешүүгө деле экзаменге даярдангандай даярданасың. Ооба, кээде даярдыгың чала болуп калганда  суроолоруң  конкреттүү болбой,  жооптор да ошого жараша болуп калат. Андайда өзүңдүн да ичиң чыкпай калат.  Кыскасы, журналист  козгоп жаткан маселесин өзү жакшы билүүсү кажет. Журналист адамдын тамырын тарта билген, жарым сөздөн тушүнгөн  психолог да болуусу керек.

-Радио журналист өзү кандай болушу керек?

-Журналист радиодобу, теледеби, гезит-журналдабы – кайда иштесе да журналисттик этиканы сактаган билим-көрөңгөсү бар, жоопкерчиликти дайыма сезген кесипкөй болушу керек. Даярдыксыз микрофон алдына олтуруу —  эптеп эфир убактысын толтуруу үчүн баш-аламан сүйлөп (көп сөздүүлүккө өтүп), угарманды алаксытып алдоо деген сөз. “Көңдөй челек катуу калдырайт”  дегендей, даяр эмес алып баруучу өзүнүн даярдыгы жок экенин жашыруу үчүн алдастап көп сүйлөп калат.

-Радио сизге эмне берди деп ойлойсуз?

-Радио мага чоң мектеп болду. ЖОЖдо 5 жыл окуганың эч нерсеге арзыбай калат экен. Ошо кезде окубаган китептерди радиого келгенде окууга туура келди.  Азыркы Алыкул Осмонов атындагы китепканада  олтуруп далай конспект жаздым.  Эсимден кетпейт – адабий бөлүмгө келгенде эң алгач эле Рабиндранат  Тагор жөнүндө бир сааттык программа жаса деген тапшырма беришти. Ал автордун ысымын угуп жүргөнүм менен чыгармачылыгын билбейт элем. Үч-төрт күн китепканада олтурдум. Бүтүндөй чыгармаларын окуп конспектилеп чыктым.  Ошондо өзүмө Тагорду ачтым. Ал кайталангыс улуу талант экен. Авар элинин чоң акыны Расул Гамзатовду да программа даярдап жатып окуп үйрөндүм. “Үйрөтүп жатып үйрөнөсүң” дегенге түшүндүм. Программа даярдайм деп Назым Хикметти “каздым”. Хикмет менен  “ооруп”  калдым. Тагдыры өтө татаал, бүтүндөй өмүрү түрмөлөрдө өткөн зор акын экен. Андан сырткары, радио мени канчалаган мыкты адамдарга, чоң таланттарга жолуктурду, сүйлөштүрдү. Сөз үйрөндүм, өрнөк алдым. “Жакшынын жакшысы жугат” дегендей, жакшылардан көкүрөккө дем-күч, эргүү алып, шыктандым.

-Сиз ыр, аңгеме жазган калемгерсиз. Аз жазсаңыз дагы, окурмандын ичин уйгу-туйгу кылып, сезимдерге жетелеп кеткен ырларды жаратып келесиз. Ырларыңыздын лирикалык каарманы барбы? Анткени, сиз эч кимге бой салбаган, жанына жуутпаган аялзатындай сезилесиз?

— Бир себеби болбосо жөн жерден эле ыр жазылбайт. Өзгөчө сүйүү ырларын кыялданып эле жазып койсоң жасалма болуп калышы мүмкүн. Ошол сезим кан-жаныңды аралабаса кантип жазасың, эмне деп жазасың?  Бул жагдайды сен өзүң жакшы билесиң.  Ооба, сүйүү ырларымдын каарманы бар.  Мен чынында “сыртым салкын, ичим жаркын аялмын”.  Аныгында принципиалдуу көз караштарым бар.  Бирок сүйүү деген сүйүү да.  Ал бейкүнөө, асыл сезим. Эгер дүйнөдө ар бир адам сүйүү менен жашаганда турмушта жамандыктар болмок эмес, жер үстү жакшылыкка балкып турмак.  “Бирөөнү жек көргүчө, бирөөнү сүйгөн жакшы” деген бир акылмандын сөзү бар.  Чыныгы сүйүү адамды (өзгөчө аялды) көр турмуштун азаптарынан сактап калат. Жашоону сүйүүгө, тазалыкка, алпейимдикке, айкөлдүккө үйрөтөт. Жүрөгүндө сүйүү жашаган адам эч качан жамандыкка барбайт.

-“Жазуучу, акын аялдар бааланбай калышы мүмкүн. “Аа, аял жазыптыр” деген түшүнүк бар го эркектерде” дегендей кеп салдыңыз эле бир жолу. Эмне үчүн мындай ойдосуз?

-Аялдын аялча ой жүгүртүүсүн эркек калемгерлер мажүрөө, баёо көз караш катары карап коёорун байкап эле жүрөбүз. Советтик учурда сынчы-адабиятчылар  “кыз-келиндер поэзиясы”  деп бөлүп караган учурлар бар эле. Болбосо адабиятта талап, шарт баарына бирдей болушу керек.

 -Өмүрлүк жарыңыз сиздин жазуучу, акын экениңизди, журналисттик кесибиңизди колдочу беле? Же жазмакерлигиңиз ал адамга оор тийген учурлар болгонбу?

-Менин анча-мынча ыр, бирин-экин аңгеме жазганыма өмүрлүк жарым түрткү берип шыктандырып турчу. Жыйырма бир жыл турмуш курдук, 51 жашында көзү өтүп кетти.  Бейманбек Сардарбеков өзү жогорку окуу жайда адабияттан дарс окуган окутуучу эле. Үйдөгү сөзүбүздүн көбү  — адабият, чыгармалар, акындар жөнүндө болчу. Ал менин аздыр-көптүр ийгиликтериме кубанып, сыймыктанып калчу.  Мага көп кеңештерди, сунуштарды айтып,  идеяларды берип турчу.  “Көп оку, изден, өзүңдү өстүр”  деп шыкак берип, талап кылчу. Өзү түнкү саат 3кө чейин олтуруп эртеңки лекцияларына даярданчу.  Ал мага үй бүлөлүк жашоодо эле эмес, чыгармачылыкта да эриш-аркак болуптур.

 -Жылдан-жылга кылмыштуулук көбөйүп кичинекей уул балдарды, кыздарды арам ойлуулар аңдып тургандай заман болуп турат. Балдарды кандай жолдор менен коргоп, педофилдерге кантип бөгөт коё алабыз деп ойлойсуз?

-Ооба, азыр дүйнө солкулдап турат. Адалга караганда арамдыктар көбөйүп баратабы дейсиң. Акылга сыйбаган жорук-жосундарды Жер-табият кантип көтөрөр экен деп уйкуң качат.        Чындыгында мунун баары учкан уяда тарбиядан кеткен өксүктөр. Алиги педофил да бала болгон. Ата-энесинен жакшы тарбия алган бала турмушта эч качан бейадеп жоруктарды жасабайт.  “Адам баласынын коомго кыла турган жакшылыгы эле – үйүнөн тарбиялуу балдарды өстүрүп чыгаруу экен”  деп Чыңгыз Айтматов бекер жазбаган чыгар.  Билимден, тарбиядан кеткен өксүктөр акыры кийин бир жерден “капты тешип” чыгат.  Кылмышкерлер — ошонун “жемиши”. Ошон үчүн кайсыл коом,  кайсыл эл болбосун билим менен тарбияны биринчи орунга коюу керек. Балдарды туугандардын колуна таштап, иштеп келем деп  четке кеткен ата-энелерди колдобойм. Бала бардык жагынан өксүп калат. Моралдык, материалдык, психологиялык жактан кор болот.  Ата-эне тирүү турганда балдарын өздөрү гана багып өстүрүү керек.  Баланы күн сайын көкүрөккө кысып кучактап мээримиңди өткөрүп турууң керек. Ошондо бала ата-энеге кайрымдуу болот. Биз деле бир учурларда  карандай айлыктын көзүн карап кыйналып жашаган жылдарыбыз  болду. Ооба, көп акча таап жакшы жашагыбыз келчү. Бирок балдар бизден алыс болуп,  кор болуп калуусун каалабадык.

 -Кыз балага үйдө кандай тарбия берүү керек деп ойлойсуз?

-Ата-эне кызга кыздай аяр мамиле жасоо зарыл. Бирок өтө эле көзүн карап, ашыкча эркелете берген туура эмес.  Анын да жыйынтыгы жакшы болбойт. Кызды энеси тазалыкка, жоопкерчиликке үйрөтүү керек. Кызга тарбия берүүнүн эң мыкты үлгүсү — эненин өзүнүн адеби.

 -Ушул учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан окуялар боюнча кандай пикирде болуп жатасыз? Мисалы, Баткен окуясы, Кемпир-Абад боюнча…

-Бул окуялар боюнча бир ойго токтой элекмин. Бирок өлкө жетекчилиги  талаштуу жерлердин дээрлик 90 пайызы биздин пайдабызга чечилди деген маалымат берди. Демек, бул жакшы жаңылык. Эзелки чактан бери эле адам баласы  Жер талашып согушат. Мындай чакта дайыма Айтматовдун сөзүн эстейм.  “Мына мен Жермин. Мен баарыңарга жетем. Чырпык сайсаңар чынар болуп берем. Талаага бир ууч дан чачсаңар нан болуп берем. Үй тургузсаңар дубал болуп берем…”  дейт эмеспи.  21-кылымда адамдар согушпайт, согуштун кереги жок экенин тушүнүп калышат деп ойлочумун жаш кезде.

 -Китеп окуганга чолооңуз тийип жатабы? Өзүңүздүн кезектеги автордук жыйнагыңызды качан чыгарайын деген оюңуз бар?

-Башкаларды китеп окугула деп үндөгөнүбүз менен өзүбүздүн  чолоо тийбей баратат го. Бүгүнкү  күргүштөгөн албуут заман китеп кармап отургузбай жатат.  Илгеркидей чоң-чоң романдарды окуганга чыдамыбыз жетпей баратат. Бирок ошентсе да жакында С. Раевдин “Жанжазасын” окуп чыктым. Сюжет түзүү, композиция куруу боюнча автор абдан издениптир. Кыргыз прозасындагы жаңыча көрүнүш десек болот.  Габриела Мистралды дагы-дагы  түшүнгүм келет. Улам окусаң улам башка сезимдерге жетелей берет. Аялдардан чыккан бирден бир гений акын деп билем.  Ошон үчүн дайыма Мистралды барактап окуй берем. Өзүм китеп чыгарайын деген азырынча оюм деле жок. Китеп чыгаруу керекпи же жокпу деген суроо бар.  Мен эмес Айтматовду окубай жатышат. Электрондук дүйнөгө  көчүп баратабыз. Кандай болот, ким билет? Көрө жатарбыз.

Афина Бакирова