Эптеп эле кыйкырып калыш керек деген принцип менен жашаган саясатчылар бар. Бир карасаң бири-бирин шыбап жүргөн болот, бир карасаң алардан өткөн ынтымак адам жок, кучакташып өбүшүп.

Мисалы, Адахан Мадумаров көп жолу Жеңиш Молдакматовду “мунун көзү жаман, жакшылык кыла турган түрү жок”-деп айтып жүрчү. Бүгүн экөө жанашып отурат.

Курултайга жергиликтүү элден саналуу эле катышып, көбү Бишкектен барышты. Саясий соодасы бүтсө дагы жабышып, кеткиси келбеген Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов деген осурак чалдар. Аларды ээрчиген Атай Бейшенбек, Айбек Бузурманкулов, Аманбол Бабакулов, Жеңиш Молдакматов, Тилекмат Курнеов деген популист балдар жүрөт. Эл чогулган жерге барып, фейсбукта элди күлдүрөм деп тантый берген каңгыган катын дагы ошол жерде. Айтор бири-бирине куп жарашкандар бүгүн чер жазып, бугун чыгарышууда.