Бүгүн, 17-октябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарда, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө +13…+18,
Талас аймагында +12…+17,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18…+23,
Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16…+18 көтөрүлөт.