Бишкектин Көлмө конушундагы №78 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусу ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылаык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты.

Мектеп 380 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу имараттын аянты 2309 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык керектүү жайлар: окуу класстары, ашкана, актовый зал, жуунучу бөлмөлөр жана спорт зал жайгаштырылды.

Мектепти «Капитал Билдинг» ЖЧКсы курду.

Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.