Кыргызстан Украинадагы элчилигин жапкан жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык режимде иштеп жатат, аны жабуу планда жок.

Керек болсо элчилик менен төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: +380997573413, +380442370346, +380442370348.

Россиянын айрым маалымат каражаттары сегиз өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын элчиликтери жабылганын жазып чыгышты.

Украинадагы салгылашуу дээрлик сегиз айдан бери уланууда. Орусиянын атайын аскердик операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Көптөгөн өлкөлөр Орусия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизген.

21-сентябрда президент Владимир Путин Россия Федерациясында жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Кошумчалай кетсек, 30-сентябрда ал Донецк жана Луганск Элдик Республикаларын, Херсон жана Запорожье облустарынын бир бөлүгүн Россия Федерациясына кошуу тууралуу жарлыктарга кол койгон.