Кыргызстанда транспорт өндүрүшүнүн көлөмү 58,6 пайызга көбөйдү. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттин үстүбүздөгү жылдын тогуз айлык жыйынтыгы тууралуу маалыматында жазылган.

Маалыматка караганда, бул аралыкта 1 миллиард 30 миллион 390,9 миң сомго ар кандай түрдөгү автоунаалар чыгарылган. Анын ичинен 922,6 миллион сому чыккан автоунаалардын жалпы баасы, ал эми 107,7 миңи башка транспорт каражаттары болгон.

Статком бул суммага канча автоунаа өндүрүлгөнүн жазган эмес. Бирок тогуз айда автоунаа чыгаруу 69,3 пайызга, башка транспорт каражаттары 11,4 пайызга өскөн.