«Кыргыз көмүр» ишканасынын маалымат кызматы Бишкекте кара алтындын бир тоннасын 4 700-4 800 сомдон кымбат саткандар болсо кабарлап коюуну өтүндү.

Маалыматка ылайык, аба ырайына байланыштуу айрым ортомчулар көмүрдүн баасын көтөрүп жибериши ыктымал. Мындан улам ишкана кара алтынды ашыкча кымбаттатып жибергендер болсо 0705 414803 номерине чалып коюуну өтүндү.

Монополияны жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, Бишкекте Шабыркөл жана Каражыра кендеринен чыккан көмүрдүн чекене баасы 5 000 сомдон, Кара-Кеченин көмүрү 4 300-4 600 сомдон сатылууда. Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүп, анда көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөөнү тапшырган.