КТРКнын мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер Илим Карыпбеков учурда талкуу жаратып жаткан чек ара маселеси боюнча кайрылуу жасады. Ал, чек араны тынчтык жолу, сүйлөшүү жолу менен гана чечишибиз керек деген пикирин соц.тармактагы баракчасына жазды.

«Кичине маселени кененирээк карап, ушуга дагы бир көз чаптырып койгулачы?! Бир эле «Унгар тоо», же айрымдары Үңкүр тоо деп айтып жүрүштү эле, билесиңерби ошонун эле тегерегинде өзбек туугандар менен Бакиев учурунда канча ызычуу болгонбуз? Аны албетте унутуп калдык. Вертолет менен өзбек десанты чокуга түшүп барып, биздин адамдарды, жоокерлерди барымтага алып коюшкан. Бир эле Үңкүр тоо боюнча мисал. Бир эле. Чек араны тынчтык жолу, сүйлөшүү жолу менен гана чечишибиз керек!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кемпир Абадды 1965-жылы Москванын кийлигишүүсүндө Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн токтому менен суунун деңгээли 908 метрге чейин болсун деп бекитип беришкен. Плотинаны 100 пайыз өзбек тарап куруп, алардын аймагында турат.

Ошол убактан бери бүгүнкү күнгө чейин 5731 гектар жерди суу ээлеп жатат.

Алар, өзбек тарап, ошол эле мезгилде, 1965-жылы суу басып калган жерлер үчүн кыргыз тараптын талабы менен 4127 гектар жерди ар кайсы жерлерден бизге компенсация кылып беришкен.

Мисалы, алар берген жерлерге ошол эле 65-жылдары кайсы айылдарыбыз курулганын ирээти менен айтып берейин.

— Кадам жай районунун Көк талаа айылы

758 гектар жерге курулган.

-Пылдырак айылы 255 гектар жерге түшкөн.

— Араван району Найман айылы 148 гектар жерге курулган.

— Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган.

— Аэропорт Аксы районунда 446 гектар жерге курулган.

— Жетиген айылы 75 гектар жерге түшкөн.

— Падыша-Ата сай 5 гектар жерди ээлеп турат.

— Кара дөбө 45 гектар жерге салынган.

— Ала бука Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.

Кыскасы, жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге беришкен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдери, карталары жана башка бардык документтери турат.

Мына бүгүн ошол өзбектер берген жерлерди биздин жогоруда аталган айылдар ээлеп жатышат. Анан эле азыр саясат кылып Кемпир-Абадды берип жиберип атышат деп кокуйлап чыга калган саясатчы сөрөйлөр үчүн айтып коюшубуз керек. Чек ара маселесинде саясат кылбагыла! Архивдик документтер менен карталар менен сүйлөгүлө!

Бүгүн биз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында суунун деңгээлин 908ден 900 гө түшүрүптүрбүз.

Ошондо жээктен дагы 1246 гектар бошоп, бизге өтүп жатат. Буга чейин суу басып жаткан жердин бир метрин 70 жылдан бери колдоно алган эмеспиз. Дагы 100 жыл суу басып жата берет. Колдоно албайбыз.

Мындан сырткары биз 1000 гектар жаңы жерди өзбек тараптан алып жатабыз.

Бул жерлердин жарымы — 500 гектарды Өзгөн районуна жакын жерлерден, жарымы — 500 гектарды Сузак районуна жакын жерлерден алып жатабыз.

Плотинаны мындан ары чогуу башкарабыз деп макул кылдык.

Плотина курулгандан бери ушул күнгө чейин 100 пайыз алар башкарып келишти.

Эми СП, биргелешкен ишкана түзүп, 50/50 гө башкарабыз. Суунун деңгээли 900дөн өйдө көтөрүлүп кетпөөсүн көзөмөлдөп турабыз.

Бизден дагы плотинада 24 саат бою күзөттө адамдарыбыз алар менен бирге көзөмөлдөп турат.

Анткени суунун деңгээли төмөндөгөндө бошогон 1246 гектар  жерди суу басып кетпеш керек.

Элибиз бул жерлерди түбөлүк иштетип турушу керек.

Сууну чогуу колдонобуз. Буга чейин ал жерден суу ала албайт элек.

Насос менен каалаган жагыбызга сугатка жана башка муктаждыктарыбызга тартып алсак болот.

Көлдүн айланасы тосулбайт деп келишимге киргиздик.

Мындан ары биздин жарандар ээн эркин балык уулайбы, кайык менен сейилдейби кыскасы эркин жүрүшөт деп чечиштик.

Мындан сырткары бүгүнкү күндөгү чектешкен айылдардагы талаш жерлерден канча жерлерди алдык:

— Көк-Серек айылынан 105 гектар алдык.

— Баястан айылынан 212 гектар жайыт жерди алдык.

— Кара-Белес айылынан 25 гектар жайыт жерди кайра кайтарып алдык.

Бул жер 2017-жылы 5-сентябрдагы келишим менен өтүп, Атамбаевдин колу менен бизден ратификацияланып кеткен экен.

-Кара-Суудан 100 гектар жаңы жер алдык.

Темир жолдун так жанынан бир метрден кийин чек ара зым тору тартылып турат азыр.

Азыр эми ал зым тор 50 метрге ары жылат.

Бул участок бүгүн дагы алардын картасында турат.

Алар пайдаланып келишкен.

Эми биз алып атабыз.

Кара-Суунун тазалоочу жайы (очистное сооружение)

илгери алардын жерине салынып калган экен.

Ошол үчүн суранып атып 100 га жер алдык.

Буга чейин тазалоочу жайды  өзбектердин уруксат сурап кирип, тейлеп чыгып жүрчү экенбиз.

Эми бул тазалоочу жайы 100 га жери менен бизге өтөт.

— Гавасай толугу менен бизге өттү. Эми ал жерди 1956-жылы өзүбүздүн эле ата-бабаларыбыз берип жиберген экен. Эптеп кайра кайтарып алдык.

— Унгар-Тоо толук бизге өттү.

“Унгар-Тоо мурда эле биздики болчу” деп популисттик кылган саясатчы сөрөйлөрдөн сурайт элем. Колуңарда  СССРдин, Кыргыз ССРинин, Өзбек ССРинин карталары барбы? Деги силер ошол карталарды өмүрүңөрдө бир жолу көрдүңөр беле? Албетте жок. Алардын картасында турат. Эми мындан ары Кемпир-Абад деген саясатты токтоткула туугандар. Сасык планыңар ишке ашпай калды. Бийлик башында таза, мекенчил инсан олтурат. Мекенчилдиги сен экөөбүздүкү 10 пайыз болсо аныкы 100 пайыз экенине толук ишенем. Иши менен далилдеп келе жатат. Илгертен бери далилдер ого эле көп. Архивдерден издесеңер четинен табасыңар. Бир метр жерибизди бербейт. Кайра алып атканын жогорудагы далилдер тастыктап турат», — дейт.