Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ашууларда унаа каттамдарынын жүрүшүнө чектөө киргизилди. Ал эми “Сары-Кыр” ашуусу  убактылуу жабылды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы “Сары-Кыр” ашуусу жергиликтүү райондук администрациясынын макулдашуусу менен аба-ырайынын бузулушуна байланыштуу, боло турган кырсыктардыналдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана өзгөчө кырдаалдаргы чара көрүү даярдыгын күчөтүү максатында убактылуу жабылды.

«Азыркы учурда техникаларды кучөтүлгөн тартипте ишке салууну жана ошондой эле жол каттамын кечиктирбестен тез арада тазалоо боюнча иш чаралар жүрүүдө. Ошондой эле, Соң-Көл жайлоосуна баруучу Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 27-37 чакырымындагы “Калмак-Ашуу” белин, жергиликтүү райондук администрациясынын макулдашуусу менен, кыш мезгилине карата жана кар көчкүлөрүнүн тушүүсүнөн жарандардын жол кырсыктарына кабылбоосун алдын алуу максаттарында каттам убактылуу жабылды», — деп айтылат маалыматта.

Чектөө киргизилген ашуулар:

— Кубакы ашуусуна калың кар жаап салды. Күн ачылмайынча бардык унаалар жүрө албайт. Каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулду

-Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел ашуулары аркылуу оор жүк ташуучу транспортко коюлган чектөөлөр алына элек

Жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.