“Банктар кредиттер боюнча иштеп жатат. Биздин финансылык институттарга жабыр тарткан ишкерлерге, элге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча тапшырмалар берилди. Азырынча: 250 кредит кечирилди (13,5 млн сомов списано). 13 кредит реструктуризацияланды (2,5 сом), жумуштар улантылып жатат”, – дейт Акылбек Жапаров, бүгүн 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берип жатып.

“Ак-Сай айылынын четинде бир кичинекей тооккананы миллиондук чоң ишканага айландырган ишкердин каза болгонун билесиздер. Анын банктагы бардык карызын кечтик – дээрлик 9 млн сомго жакын каражат экен. Ал жерди өзүм барып көрдүм. Ферманы калыбына келтирип, аны дагы кеңейтүүгө (кормцех) акчалай жактан жардам берүүгө убадамды берип келгем – берем. “Атаңдын ишин улагын!”, – деп уулунун колун бекем кыскам. Менин жеке контролумда болот” – дейт Минкаб төрагасы.