Без рубрикиКоом

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга катталууга кандай документтер керек?

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн кандай документтер зарыл экендиги тууралуу маалымат берди.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:
Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;
ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.
Бардык документтердин түп нускасы керек.

ЖРТга онлайн-каттоо боюнча бардык нускамалар ББОУБнын www.testing.kg расмий сайтында жайгаштырылган жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button