Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Бишкек шаарындагы “Жаштык” массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын базасында курулган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залын ачты.

   

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкө боюнча көптөгөн кыздар күрөш менен машыгууну каалаганына жана өлкө боюнча күрөш менен машыгып жатканына карабастан, алардын заманбап спорт залы жок болгонун, көбүнчө эркектер менен машыгууга аргасыз болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде кыздар жана аялдар үчүн залдын курулушуна капсула салынып, ал 5 айда курулуп бүткөнүн эске салды.
Президент бүгүнкү күндө кыргыз спортчулары эл аралык абройлуу мелдештерде күрөш боюнча байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн туусун бийик көтөрүп келе жатканын белгилеп, аларды эл эсинде түбөлүккө сакталып калган бир кездеги Кыз Сайкал, Жаңыл-Мырза менен салыштырды.

“Биздин спортчу кыздар өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан, мен демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым.

Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем”, — деди Президент кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө кайрылып.

Мамлекет башчысы ошондой эле балбан кыз-келиндер алдыдагы Олимпиада оюндарында алтын утат деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле, президентке ыраазычылык сөздөрүн эркин күрөш боюнча улуттук кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, көрүнүктүү спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова айтып, бардык күч-аракетин жумшап, 2024-жылы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынууга убада беришти.

Андан соң, Садыр Жапаров кызыл тесмени кесип, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүн толук кандуу даярдоо үчүн заманбап шарттар — медициналык реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, спорт залы, конференц-залы, сауна, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана бөлмөсү жана башкалар каралган имаратты көрүп чыкты.

Ошондой эле, мамлекет башчысына жаңы залда жаш муундун — өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбан кыздардын машыгуулары көрсөтүлдү.

Иш-чара президент Садыр Жапаров менен салтанаттын катышуучуларынын биргелешип сүрөткө түшүүсү менен аяктады.