Бүгүн Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин
мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жыйынына барып, депутаттардын суроолоруна жооп
берди.
Депутат Камила Талиева Акылбек Жапаровдун ишин сынга алды.
«Акылбек Үсөнбекович айтып жатат, тажик тарап менен согушту биз кылган жокпуз
деп. Эл кылдыбы анда? Эл күнөөлүүбү? Бүгүнкү күндө канча мектеп, канча бала бакча
иштебей жатат, министрди уктап жаткан жеринен тургузса да жатка билиши керек.
Мен айтып берейин анда. Эмне үчүн булар билбейт? Анда эмнеге келди бүгүн? Тойго
келдиби?
Акылбек Үсөнбекович, өзүңүз 10 күндөн кийин бардыңыз. Ушунчалык кайдыгер
экениңизге таң калдым. Мамлекеттик ишмер, мамлекетчил киши мындай кылбайт.
Биз кылган жокпуз да деген жообуңузга таң калдым.
Биз мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй турган органбыз. Баткен облусунун
статусу жөнүндө мыйзамды алып көрсөк, 500 млн сом бөлүнгөн. Ал 500 млн сомдун 1
сому берилген жок. Лейлек районуна согуштан кийин ызы-чуу чыгарсак 125 млн сом
берди. Жобосу да жок, акимдер аны эмне кылышын билбей отурат. Мына өкмөттүн
иши. Же координация болгон жок. Тилибизди тишибизге катып отурдук.
Соцтармакты тейлеген орун басар ошол жерде жатышы керек болчу. Элге убал болду.
Кылычын кармап кыш келе жатат. Борбордук айылындагы 16 үйдү тегиздеп, траншея
казып коюп, эч нерсе башталган жок. Соцобъекттер: ПОМ, айыл өкмөтү, ГСВ иштебей
турат. Бүгүнкү отчету — нөл. Чечим кабыл алганга үйрөнөлү, угуп коюп отура
бербестен. Өкмөт мындай отчет менен келбеши керек», — деди Талиева.

Булак: Акипресс