“Джеймс Уэбб” космостук телескобу окумуштууларга Жерден 6,5 миң жарык жыл алыстыкта ​​жайгашкан “Бүркүт” тумандуулугунан чыккан жылдыздар аралык газ жана чаңдардын жыйындысы топтолгон сүрөттөрдү көрсөттү. Сүрөттөрдү АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (НАСА) 19-октябрда жарыялады.

«Уэбб” телескобу тарабынан тартылган жаңы сүрөттөр илимпоздорго жаңы жылдыздарды жана аймактагы газ менен чаңдын санын так санап, жылдыз пайда болуу моделдерин жаңылоого жардам берет» деп кошумчалайт НАСА.

Космос чаңдары таштарды элестетет, алардын өздөрүнүн аталыштары бар. Мындай типтеги сүрөттөр “Хаббл” телескобу тарабынан 1995-жылы тартылган, бирок ал кадрлар анча так жана деталдуу болгон эмес.

“Джеймс Уэбб” – диаметри 6,5 м болгон күзгүсү бар эң чоң космостук телескоп.Аппарат NASA тарабынан 2021-жылдын 25-декабрында Европа жана Канаданын Космос агенттиктеринин катышуусунда космоско учурулган.