Үстүбүздөгү жылы 26-29-октябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маданият күндөрүнүн программасына ылайык, анын алкагында «Кыргыз киносунун күндөрү», КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол жана кыргыз-казак элинин эл артистери, эл сүрөтчүлөрү, эл акын-жазуучулары, кино ишмерлери, илимдин докторлору, академик, коомдук ишмерлеринин жолугушуусу өтөт.

27-октябрда маданият күндөрүнүн расмий ачылышына карата КР искусство чеберлеринин гала-концерти өтүп, театр фойесинде Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү орун алат.

Мындан сырткары, 28-октябрда «Манас» эпосуна арналган иш- чара жана Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик «Ак марал» бий ансамблинин жана Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерттери болот.

Ал эми жыйынтыктоочу 29-октябрь күнү Кыргызстандын маданият күндөрүнүн салтанаттуу жабылышы өтүп, анда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын «Саманчынын жолу» спектакли коюулат.

Кыргызстандын маданият күндөрүнүн делегациясын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жетектеп барат.

Кыргызстандан бул маданий саамалыкка 300дөн ашуун адам баруусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, өткөн жылы октябрда Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өткөн.