Бир нече күндөн бери Кемпир-Абад маселеси коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып келет. Бул тууралуу так маалыматты тиешелүү органдар, жетекчилер элге түшүндүрүп келет. А түгүл Өзгөн районуна өлкө башчы Садыр Жапаров өзү да барып, түшүндүрүп келди. Бүгүн так ушул Кемпир-Абад боюнча эл кызыккан суроолорго жооп берүү үчүн талкуу болду.

Буга чейин түшүнбөй, ар кандай чагымчылдардын чакырыктарына ишенгендер, талкуудан кийин оюн өзгөртүп, ыраазычылыгын билдирип жатышат. Бул талкууга баардык блогер, коомдук активисттер ошол эле учурда буга каршы турган жарандарды да чакырышкан.

Буга чейин Кемпир-Абад боюнча каршы пикирин билдирип келген айрым коомдук активисттер жыйындан чыккандан кийин да ар кандай маалыматтарды бере баштады. Бейөкмөт уюмунун мүчөсү Рита Карасартова видео кайрылуу жасап, адаттагысындай эле чагымчыл маалыматтарды таратканга өттү.

Ал эми буга чейин чагымчыл маалыматтарга чакырык жасаган Азимбек Бекназаровду да чакырышкан эле. Тилекке каршы, Азимбек Бекназаров талкууга келип, маселени ошол жерден угуп, түшүнбөгөн же көйгөй болуп жаткан суроолорду түз бербей, талкууга да келбей койду.
Азимбек Бекназаров мындай талкууга келбей, элди дүрбөтүп, провокациялуу суроолорду берип, өзүн чагымчыл, билимсиз блогердей алып жүргөнү эмнени каңкуулайт?
Бүгүн жарашып, жанашып жүргөн Мадумаровду үч жыл мурда эле Бекназаров “жерден алып көргө чапкандай” эле сындап, оор кылмыштары боюнча айтканы эсиңердеби? Кыргыздын жерин “устукандаганын”, чыккынчылыгын шардана кылганычы? Эми оозу-мурду кыйшайбастан актап-жактап койун-колтук алышып калыптыр. Бу кишинин канча жүзү бар? Же Малайзиядагы кызматында иштей албады. Же жөн жатпады. Ар бир президент шайланган сайын канча мүмкүнчүлүк берилди. Кыргызстан ушундайлардын айынан өнүкпөй атат да…
Кызматта отурган баласы экстремист болуп , өзү жумуштан тушту, ошого ачуусу келип ар кандай провокацияларга барып жатканы айдан ачык.
Жаш курагы деле келип калды. Эми артынан жаш балдарды ээрчитип алардын убалына калып, уулап жүрөт. Деги өзүн ким ойлойт? Кыйратса ушул убакка чейин кыйратат эле го. Ал айылдарга барып айыл жашоочуларынан Кемпир-Абад боюнча интервью алып жүрөт. Болбосо тийиштүү мамлекеттик органдар бар го чек ара боюнча. Ошол жактан сурап алса болот эле.
Кемпир-Абад боюнча мамлекет тарабынан жакшы иштерге кедерги болуп, түрдүү кайрылууларды, чакырыктарды жасап жүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу үчүн суракка да чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 20-октябрда чек ара маселеси тууралуу активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Ташиев Бекназаровдун видео кайрылуусунда айткандары «чындыкка дал келбейт» деди.
Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.
Бекназаровдун суракка чакырылышы боюнча укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.
УКМК төрагасы ошондой эле жакынкы күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында жашаган элге да чек ара боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады. Ташиев суу сактагычтын 900-горизонталына өзү барып, казык кагып, анын чегин жергиликтүү тургундарга көрсөтүп бере турган болду.
Жалган чакырык, кайрылуулары менен элдин башын айланткан жалгандары үчүн А. Бекназаров жооп бериши керек.