Кечээ президент Садыр Жапаров Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек арага чектеш айылдарынын тургундары, өлкөнүн активдүү жарандары менен жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берди.

Кыргыз коомчулугунда боло жүрчү оппозициябыз деген саясатчы, блогер, активисттер, журналисттердин баары катышты. Кѳңүлүндѳгү суроолорун беришти. Жыйынтыгында ар ким ѳзү каалагандай чечим чыгарды. Кимдин оюнда эмне болсо ошону божурап чыкты. Мисалы, экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын «Кемпир-Абадды мен чечип берем, бир канча тил билем, Ташиевдин мандатын, укуктарын бергиле» дегени кѳпчүлүктүн күлкүсүн келтирди. Ыргал айым чек ара маселесин эмес, депутат кезинде СДПКнын эрке талтаң кызы, таасирдүү адамдын «кѳрѳр кѳзү» болуп жүрүп, эмне иш кылганын ѳзү билбесе, эл билбейт. Коомчулук Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевдин мыйзамсыз жоруктары тууралуу жакшы билишет. 2019-жылы Канжар Кадыралиев ѳзү прокуратурада иштеп туруп, бѳтѳн бирѳѳнүн мүлкүн басып алуу аракеттери үчүн айыпталып, соттун чечими менен компенсация тѳлѳйт. (https://kloop.kg/blog/2019/06/18/sud-priznal-eks-prokurora-osha-kadyralieva-vinovnym-v-zahvate-chuzhogo-imushhestva-on-vyplatit-kompensatsiyu/)

2018-жылы Башкы прокуратура прокуратура кызматкери, Канжар Кадыралиевге кылмыш ишин козгойт. Ал пара талап кылуу, бейбаштык жана өзүм билемдик боюнча айыпталат. Канжар Кадыралиев жана бир тууган агасы менен Абдимитал Бекташевдин 2004-жылдан бери үч гектар ижарага алынган жерин мыйзамсыз иштетип, берүүнү талап кылып келишкен. Акырында бир нече жолу Бекташевди сабап, коркутуп, денесине оор залакат келтиришкен. (https://kloop.kg/blog/2021/07/29/bili-toporom-i-vilami-semya-iz-uzgena-rasskazala-o-napadenii-so-storony-plemyannikov-eks-deputatki-yrgal-kadyralievoj/).

Ушул эле Канжар Кадыралиев тергѳѳ иштеринен качып, укук коргоо органдары издѳѳ жарыялаган.

Кадыралиевдердин үй-бүлѳсү мыйзамды сыйлабасы белгилүү. Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин депутаты (мыйзам жазып, аткарылышын кѳзѳмѳлдѳйт), ал эми Канжар Кадыралиев прокурор, юрист, мыйзамдын коргоочусу. Ушундай жогорку кызматтарды аркалап турган бир туугандар карапайым адамдардын мүлкүн талашып, мыкаачылык менен күч колдонуп, жосунсуз жоруктарды жасаганы акылга сыйбайт.

Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, депутаттык укугунан пайдаланып, бир нече жолу иниси Канжар Кадыралиевге карата негизсиз, жалган иш козголуп жатканын айтып чыккан. «Мой брат Канжар не сбегал, за пределы Кыргызстана не выезжал, и все обвинения против него надуманные», — заявила Ыргал Кадыралиева.) (https://24.kg/obschestvo/2020_esche_odnogo_brata_deputata_yirgal_kadyiralievoy_podozrevayut_v_vyimogatelstve_i_huliganstve/)

Ыргал айым адилеттүү экен, мыйзамды сыйлайт экен, инисинин кыйыл-аракетин тескеп, кой-ай дегенге жарабаганы эмнеси? Кыргызда эжени ини угат эмеспи? Же иниси Ыргал менен тапкан “кирешесинен” бѳлүшүп, оозун майлап турганбы?

Айтор, Ыргал Кадыралиева Кемпир-Абадды коргойм деп, билимсиздигин, саясый жактан сабатсыздыгын, аял катары да адепсиздигин, мындайча айтканды, болгон деңгээлин кѳрсѳттү. Чек ара маселесин Ыргал Кадыралиевадай алкынган, оозунан кѳбүк, тилинен чаң чыккан аялдар чечип калса, жашоо жомок болбойт беле? Акыл-эси ордунда, эл аралык геосаясаттан кабары бар, мамлекеттик кызматты аркалаган адам Ыргал айымдай сүйлѳбѳйт…