Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кайталап экзамен тапшыргандардан акы алууну сунуштады.

Министрлик «Мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Тагыраак айтканда, биринчи экзамен бекер, андан өтпөй калса экинчисине кирүү үчүн акча төлөө шарт. Анын тарифи канча болору жазылган эмес.

ИИМ сынакты өткөрүү үчүн ар дайым «Унаа» мекемесинен үч кызматкер тартыларын айтып, буга убакыт кетерин белгиледи. Бирок экзаменге кирүүгө табыштама берген талапкерлер келбей коюшарын жүйө келтирүүдө. Мындан улам жарандарды тартипке чакыруу үчүн кайталап экзамен тапшыргандардан акы алууну чечкен.