Бүгүн, 21-октябрда Баткен шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу  УКМКдан  билдирди.

Жолугушууда Ташиев Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактарды болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

«Чек ара жана чек ара аймактарында жаралган бардык көйгөйлүү маселелер саясий жана дипломатиялык жол менен, сүйлөшүү үстөлүндө гана чечилиши керек. Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгын козгойт, буга байланыштуу ар кандай даражадагы чиновниктер дагы, катардагы жарандар дагы чек арадагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүүчү шашылыш билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга, Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык жана стабилдүүлүк, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү керек», — деп баса белгиледи өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ташиев Баткен облусунун жетекчилигинин алдына тажик тарап менен кызматташууну чыңдоо жана бекемдөө милдетин койду.

«Тараптардын чек ара ведомстволорунун, компетенттүү жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү линиясында келип чыккан бардык маселелерди тез арада чечүүгө милдеттүүсүңөр», — деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартыла тургандын баса белгиледи.