Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 480 орунга ылайыкталган жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда «Дельфин» бала бакчасы 220 баланы кабыл алды. Балдарды кабыл алуу дагы улантылат.

Бала бакчанын директору Бактыгүл Исаеванын айтымында, имарат 1983-жылы колдонууга берилип, 1990-жылы белгисиз себептен улам жабылган. Андан кийин имаратка жеке менчик мектеп жайгашып, имарат сакталып калган. Бул жылдар аралыгында бала бакчанын имараты сатылбай, мэриянын балансында болгон. Ал эми жеке менчик мектеп 2016-жылы имаратты бошоткон. 2022- жылдын 18-октябрынан тарта имарат бала бакча катары иштеп баштаган.

Долбоор боюнча, имаратты калыбына келтирүү жана аймагын көрктөндүрүүгө 35 млн сомго жакын каражат жумшалды. Анын ичинен 13,3 млн сомдой каражат Кара-Балта шаарынын бюджетинен бөлүндү.