Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагынан 6 айга автомобиль транспорту менен көмүрдү (ЕАЭБ ТН ВЭД 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган) ташып чыгууга тыюу салууну киргизди. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркештам — автожол» жана «Торугарт — автожол»өткөрүү пункттары буга кирбейт.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон токтомго ылайык, Экономика жана соода министрлигине Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө билдирүү, Тышкы иштер министрлигине бул тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирүү тапшырылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы катуу отунду өлкөдөн автотранспорт менен ташып чыгууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө тийиш.