Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, уурулукка шектүү катары Токмок шаарынын 1983-жылы туулган Г.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.
Буга чейин ИИМ аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом чогултуп беришкен.