Балыкчы шаарындагы модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкана ишке кирди. Ачылуу аземине президент Садыр Жапаров каткан. Мындай маалымат менен президенттик аппараттын башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. «Өлкөнүн курулуш тармагына чоң салым болот, белгилүү бир технология боюнча жасалган имарат 9 баллдан ашык сейсмикалык жүктөрдү көтөрө алат, өзгөчө биздин тоолуу-сейсмикалык шартта өтө керектүү. Өндүрүштө бир топ жумушчу орундар түзүлөт жана өндүрүлгөн тетиктерди сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр ачылды» — деп жазылат маалыматта.