Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы коңшу өлкөнүн куралдуу агрессиясынан Лейлек, Баткен райондорундагы үйлөр, бир катар объекттер жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, аймакта түзүлгөн жарандык коргонуу комиссияларынын изилдөөлөрүнүн натыйжасында 661 турак үй жабыркагандыгы аныкталып, анын ичинен 423 турак жай жашоого жараксыз деп табылган.

Ал эми жашоого жараксыз болгон 423 турак үйдүн бирөө Баткен шаарында жайгашса, Баткен районунда 321, Лейлек районунда 101 үй орун алган. Куралдуу окуяда жаралган кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн жалпысынан 422 үй бузулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы 387, жергиликтүү бийлик 35 үйдү бузуп, жаңы курулушка аянтчалар дайындалган. Ал эми чек ара тилкесиндеги 1 үй бузулган жок. Жалпы тазаланган 422 үйдүн 64үнүн дубалдары бузулган эмес.

Ошондой эле буга чейин 44 үй түрк долбоору менен курулуп, пайдубалы жеңил конструкцияга ылайыкталган. Учурда жергиликтүү тургундардын суроо-талабы менен бул үйлөр кыш (кирпич) менен курулмакчы. Кыш менен курула турган үйлөрдүн пайдубалы көтөрүмдүү жана бышык болушу керек. Ошондуктан 44 үйдүн 17нин пайдубалы үй ээлеринин каалоосу менен мурунку пайдубалынын үстүнө курулат.

Жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында 8, ал эми Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Көк-Терек айылында 8, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылында 1 үйдүн тактап айтканда, 17 үйдүн пайдубалы бузулган жок.

Буга чейин Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан Баткен облусунда тажик тараптан өрттөлгөн 420 үйдүн жарымынын курулушу баштала электигин айтышкан.

Маалыматка караганда, тажик тараптын кол салуусунан Баткен жана Лейлек райондорунан 420 үй толугу менен жараксыз абалга келген. Учурда 185 үйдүн пайдубалы курулуп жатат. Ал эми 114 үйдүн пайдубалы бүтүп, 13нүн дубалы курулуп баштаган. Ал эми калган 200дөй үйдүн курулушу баштала элек. Мунун себебин келген курулушчулардын иш таштап кетүүсү менен түшүндүрүшкөн

Мындан сырткары айрым аймактарда, ӨКМ тарабынан толук тазаланбаган үйлөр бар экенин да кошумчалашкан.