Корея Кыргызстанга 4 тез жардам унаасын жана медицина кызматкерлери үчүн атайын жабдууларды берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, тез жардам унаалары жана атайын жабдуулар Кыргызстандын элчилиги менен Кореянын Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде Кёнгидо провинциясы тарабынан берилди. Иш-чарага Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө элчи өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү үчүн техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтты.

«Кыргызстан өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча Кореянын Өрткө каршы кызматынын алдыңкы тажрыйбасын жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча заманбап технологияларын эске алуу менен өрт коопсуздугу жаатында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин даярдоо боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар», — деди ал.

Өз кезегинде Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы кызматынын эсеп бөлүмүнүн башчысы Ким Сёнву Корея Кыргызстандын Өрткө каршы кызматы менен кызматташууну тереңдетүүгө ниеттенип жатканын, ошондой эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери үчүн заманбап өрт өчүрүүчү жана тез жардам унааларын колдонуу боюнча окууларды уюштуруу ниетин белгиледи. Ал көрсөтүлгөн техникалык жардам Кыргызстанга бекер жеткириле турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин көмөгү менен Кореянын Өрткө каршы кызматы тарабынан 2 тез жардам унаасы жана 2 өрт өчүрүүчү унаа КР ӨКМге тапшырылган.