Бишкек шаарында чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлүп, расмий ачылыш аземи өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, расмий ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, спорт ишмерлери, Кыргызстандагы спорттук федерациялардын өкүлдөрү жана спортчулар катышты.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө Казакстандан келген хоккейчилер көргөзмө оюн көрсөтүшүп, жергиликтүү оюнчулар менен мелдеш өткөрүштү.

Федерациянын президенти болуп, аталган федерациянын түптөгөн Кубан Атагараев дайындалды.

Белгилей кетсек, чөп үстүндөгү хоккей 1908-жылы жайкы олимп оюндарынын тизмесине киргизилген.